
Украина дрондор жана аскерлерди АКШнын Иорданиядагы базаларын Ирандын дрондук коркунучунан коргоо үчүн жөнөткөн. Бул тууралуу Украин президенти
Владимир Зеленский The New York Times гезитине маалымдаганын чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, америкалык тарап 5-мартта жардам сурап кайрылган, ал эми украин адистери кийинки күнү жөнөп кеткен. Алар жакын арада Жакынкы Чыгышка келет. "Биз дароо жооп бердик албетте, биздин адистерди жөнөтөбүз", - деп билдирген украин лидери.
Бирок америкалык тарап Украинага жардам сурап кайрылганбы, деген гезиттин суроосуна Ак үй жооп берген эмес.
Зеленский бул жардамды көрсөтүүгө даяр экенин, бирок өлкөнүн өз керектөөлөрүн тең салмактоого милдеттүү экенин белгиледи. Украина дрондорун Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн коргонуу системалары менен алмаштыруу жана дипломатиялык колдоо алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатат.
Зеленский айрым Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн Орусия менен жакын мамиледе экенин белгиледи. "Ошондуктан мен, күтүңүздөр, балким, алар Орусия менен сүйлөшүп, убактылуу тыныгуу берет дедим. Бул учурда, албетте, биз Жакынкы Чыгышты коргоого жардам бере алабыз", - деп кошумчалаган ал.
Кремлдин өкүлү билдиргендей, Москва Киев менен сүйлөшүүлөргө ачык экенин билдирди. "Биз кызыкдарбыз. Кийинки турду күтүп жатабыз. Объективдүү себептер менен учурда тыныгуу бар", - деп билдирген Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Вести агенттигине.
Өткөн аптада Зеленский Вашингтон Украинадан Жакынкы Чыгыштагы Ирандын Шахед (Shahed 136) дрондорун бөгөттөө боюнча жардам сураганын билдирген. Анын айтымында, ал керектүү каражаттарды берип, коопсуздук деңгээлин камсыз кыла турган украин адистеринин болушун камсыз кылууну тапшырган.