Иран Кипрге, Түркияга жана Азербайжанга чабуул жасабаганын айтты
Иран Кипрге, Түркияга жана Азербайжанга чабуул жасабаганын билдирди. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багайи жергиликтүү телеканалга берген маегинде айткан.
"Иран аймагынан бул өлкөлөргө карата эч кандай чабуул жасалган жок. Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы Ирандын аймагынан же куралдуу күчтөр тарабынан андай ракеталар атылбагынын расмий билдирди", - деген Багайи.
Буга чейин Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Ислам Республикасынын аймагынан өлкөгө пилотсуз учак менен чабуул жасалып, анын натыйжасында эки адам каза болгонун билдирген.
Ал эми Түрк мамлекеттеринин уюму Ирандын Түркияга жана Азербайжанга жасаган чабуулдарын айыптап, Иран тарапка мындай аракеттердин кайталанышына жол бербөөгө чакырышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















