Жазгы үч айлык: Ак-Буура дарыясынын жээги тазаланууда
Ош шаарында жазгы үч айлыктын алкагында Ак-Буура дарыясынын ички бөлүгү жана жээктери таштандылардан толук тазаланууда.
Ош мэриясынан билдиришкендей, учурда атайын техникалар жана тиешелүү кызматтар дарыянын жээгиндеги таштандыларды чыгаруу, нугун кеңейтүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Шаар мэри Жанарбек Акаев ишембилик учурунда дарыянын жээгин тазалоонун, айлана-чөйрөнү сактоонун жана сел кырсыктарын алдын алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү тармактарга тапшырмаларды берген.
Ошондой эле калаа башчысы шаардыктарды экологияны коргоого, жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга жана тазалык маданиятын калыптандырууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:52
2026-03-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















