super.kg logo

Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрөнүн бир тарабы ачылат

 

Эртең, 10-март күнү түштөн кийин Жибек Жолу көчөсүндөгү көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.



Маалыматка ылайык, реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болгон. Жаңылоо иштеринин натыйжасында көпүрө кеңейтилип, учурда анын туурасы 13 метрди түзөт.



Аба ырайынын начарлап жаткандыгына байланыштуу жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугун эске алуу максатында көпүрөнүн бир тарабы ачылып, транспорт кыймылы уюштурулат.

Ал эми көпүрөнүн экинчи тарабын март айынын аягында ачуу пландалууда.

 Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан реконструкциялоо иштеринин калган бөлүгүн толук аяктоо боюнча иштер улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: