super.kg logo

Мунайдын баасы кескин арзандады

 

Brent мунайынын баасы 119 доллардан 90 долларга арзандады. Бул тууралуу биржа соодаларынын маалыматтары көрсөттү.

Лондондогу ICE биржасында 2026-жылдын май айына чейин жеткириле турган Brent мунайынын фьючерси кыска убакыт ичинде кескин арзандады. Буга чейин, кечээ эле мунайдын баасы баррелине 119 доллардан ашкан болчу.

Ал эми Орусиянын мунайынын баасы баррелине 120 долларга жакындап, 2022-жылдын 17-июнунан берки эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирине жеткен.

Мунай баасынын буга чейинки кескин өсүшүнө Ормуз кысыгында танкерлердин кыймылына чектөө киргизилиши себеп болгон. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу бул кысыкты дээрлик жаап, ал жакка кирген ар кандай кемени бомбалай турганын билдирген.

Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ менен Израил Иранды жеңгенин жана согуш дээрлик аяктап калганын айтты. Ошондой эле АКШ мунай секторуна байланышкан айрым санкцияларды алып салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: