Түркиянын аба мейкиндигинен Ирандан учурулган баллистикалык ракета атып түшүрүлдү

Түркиянын Коргоо министрлиги 9-март, дүйшөмбү күнү өлкөнүн аба мейкиндигинен Иран тарабынан учурулган баллистикалык ракета атып түшүрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылууда.
Ракетанын сыныктары Газиантеп аймагына түшкөн
Маалыматка ылайык, NATO уюмунун абадан коргонуу жана ракетага каршы системдери ракетаны Түркиянын аба мейкиндигинде жок кылган.
Атып түшүрүлгөн ракетанын айрым сыныктары Газиантеп провинциясынын аймагындагы ээн талаага түшкөн. Расмий маалымат боюнча, окуядан курман болгондор жана жаракат алгандар жок.
Түркия аймактык туруктуулукту колдойт
Түркиянын Коргоо министрлиги өлкө коңшу мамлекеттер менен жакшы мамилелерди жана аймактык туруктуулукту жогору баалай турганын белгиледи. Ошол эле учурда мекеме Түркиянын аймагына же аба мейкиндигине коркунуч жаралган учурда бардык зарыл чаралар чечкиндүү түрдө көрүлөрүн билдирди.
Анкара Иранды чыңалууну күчөтпөөгө чакырды
Окуядан кийин Түркия президентинин администрациясы Иранды аймактагы чыңалууну күчөтпөөгө чакырды. Президенттик администрациянын коммуникациялар башкармалыгынын жетекчиси Бурханеттин Дуран аймактагы коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн болгон аракеттерден баш тартуу зарылдыгын белгиледи.
Анын айтымында, жаңжалдын кеңири аймакка жайылышына жол бербөө жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу өтө маанилүү.
Иран ракеталык чабуул жасаганын четке какты
Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи өлкөнүн куралдуу күчтөрү Кипрге, Түркияга жана Азербайжанга чабуул жасабаганын билдирген.
Мындай окуя буга чейин да катталган
Анкара Ирандын ракетасын тосуп алуу тууралуу биринчи жолу билдирип жаткан жок. 4-март күнү Түркиянын Коргоо министрлиги Ирандын баллистикалык ракетасынын сыныгы Хатай провинциясынын аймагына түшкөнүн маалымдаган. Ал учурда да жабыркагандар болгон эмес.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















