super.kg logo

Кыргызгидромет уулуу жаан-чачын тууралуу кептерге комментарий берди

 

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында уулуу жаан-чачын болушу мүмкүн делген маалыматтар боюнча комментарий берди.

Маалым болгондой, Кыргызгидромет системинде атмосфералык жаан-чачындын химиялык курамын лабораториялык изилдөө (анын ичинде алардын кислоттуулугун же химиялык заттардын курамын аныктоо) жүргүзүлбөйт.

Буга байланыштуу кызмат өлкө аймагынан тышкаркы окуялардан улам жаан-чачындын мүмкүн болгон химиялык курамы тууралуу маалыматтарды тастыктай же чындыкка туура келбестигин көрсөтө албайт.

"Кыргызстандын аймагында 10-11-март күндөрү Скандинавия жарым аралынын түндүгүнөн суук жана нымдуу аба массасынын келишине байланыштуу аба ырайы кескин өзгөрдү. Бул процесс абанын температурасынын бир топ төмөндөшүнө жана жаан, кар көп жаашына алып келет. Жакынкы күндөрү аба агымынын түндүк жана түндүк-батыш багыты сакталып, Кыргызстандын аймагына зыяндуу булгоочу заттардын келишине жол бербейт",- деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызгидромет мындай маалыматтардын илимий негизи жок экенин белгилеп, жарандарды расмий булактарга гана таянууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: