Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде салттуу ачык асман алдында ооз ачуу программасы болуп өттү
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунда беш жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жаткан салттуу ачык асман алдында ооз ачуу программасында болжол менен сегиз миң адам бир дасторкондо чогулду. Иш-чарага министрлер, элчилер, мамлекеттик жетекчилер, окутуучулар, студенттер жана шаар тургундары катышып, Рамазан айынын бөлүшүү жана ынтымак рухун бир дасторкондо чогуу сезишти.
Көчө бою коюлган дасторкондордун айланасындагы бактар жана ректорлук имаратынын алды Рамазан айына мүнөздүү чырактар менен кооздолуп, кампус майрамдык маанайга бөлөндү.
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев ифтар башталганга чейин конокторду тосуп алып, дасторкондорду кыдырып студенттер менен баарлашышты.
Андан соң алар Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова жана Түркиянын Бишкектеги элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен бирге тамак таратуу бөлүгүнө барып, катышуучулардын табактарына өз колдору менен тамак салып беришти.
Чыңгыз Айтматов кампусунда Рамазандын берекеси
Иш-чаранын алкагында кампуста түрдүү маданий программалар уюштурулуп, сый-тамактар даярдалды. Иш-чара өткөн жер Түркия жана Кыргызстандын желектери менен кооздолуп, орнотулган жарыктандыруулар "Республика" көчөсүнө Рамазан айына мүнөздүү өзгөчө руханий атмосфераны тартуулады. Кампустун аймагында уюштурулган 12 өзүнчө тамак таратуу пунктунда өткөрүлгөн ооз ачар иш-чарасынын алкагында 8 миң адамга ооз ачар тамагы берилди.
Түркиянын Бишкектеги элчилигинин Дин кызматтары боюнча кеңешчилигине караштуу дин кызматкери Шакир Байыр азан окугандан кийин миңдеген адамдар бир убакта ооз ачышты.
Иш-чарада студенттер жана коноктор үчүн атайын сүрөткө түшүүчү жайлар даярдалып, Рамазан айынын салтын уланткан "тиш акы" белектери таратылды. Катышуучуларга ар түрдүү сый тамактар менен катар түрк ашканасынын салттуу даамдарынын бири болгон "Османлы мажуну" да сунушталды.
Ифтар дасторконуна жасмык шорпосу, эттүү палоо, суу, айран, курма, салат, таттуулар, чай жана салттуу шербет сунушталды.
КТМУда Рамазан айына карата иш-чаралар уланат
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Рамазан айы башталгандан бери руханий маанайды жанданткан ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келет. Университеттин жетекчилиги тарабынан Рамазан айы бою студенттерге күн сайын акысыз ооз ачуу тамактары тартууланып, маданий иш-чаралар, социалдык жоопкерчилик программалары жана студенттерди бириктирген ар түрдүү иш-чаралар аркылуу бөлүшүү жана ынтымак руху кампуста жанданып келет.
Бул алкакта 2026-жылы өткөрүлгөн салттуу ачык асман алдында ооз ачуу Рамазан айынын тынчтыгын жана берекесин сездирип, миңдеген адамдарды бир дасторкондо бириктиип, биримдик жана боордоштук сезимдерин бекемдөөгө себеп болду.
КТМУда Рамазан айына карата пландалган иш-чаралар уланат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















