"Орозодо айтпайын дегем..." Алиев менен Карыбек уулунун айтышы уланды
Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев кесиптеши Улукбек Карыбек уулун сынга алды. Бул өз кезегинде бүгүн, 10-мартта парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлдөрүнүн экинчи ирет удаа кайым айтышуусуна алып келди.
"Сабатсыз, дагы башка сөздөрдү айтып, арзан упай топтогондун кереги жок. Өзүнүн энеси менен тең болгон апаларды жакалап, муш көрсөткөндүн да кереги жок.
Мамлекеттик кызматта, юридикалык фирмада, бир жөнөкөй жерде иштебей туруп, телефонуңа тааныш юристтериң жиберип жатканын эптей албай элге жагынам дегениң да туура эмес. Элдин бардыгы караңгы эмес. Орозо маалында мен муну айтпайын дегем, бирок улам-улам өзү ырбатып жатат", - деди ал.
Карыбек уулу Алиевге кайрылып: "Сиз өзү тийишип, кычып, кыпчылып сүйлөгөндү жакшы көрөт экенсиз да", - деди. Бул учурда отурумга төрагалык кылуучу алардын микрофондорун өчүрүп салды. Бирок экөөнүн айтышы аз убакытка уланды.
Мунун алдын алар Алиев демилгелеп жаткан мыйзам долбоору боюнча кайым айтыша кетишкен.
"Орозо айтпайын дегем..." Алиев менен Карыбек уулунун айтышы уланды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















