Чүйдө 13 миллион сомго чукул жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
Чүй облусунун Москва районунда 13 миллион сомго чукул жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу 10-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.Маалыматка ылайык, социалдык объекттерди курууга багытталган Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Төмөн-Суу айылында жайгашкан 7653 чарчы метр жана Нарзан айыл өкмөтүнүн аймагындагы миң чарчы метр жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Жыйынтыгында жалпы базар баасы 12 миллион 857 миң 100 сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















