Экс-депутат Коргонбай уулу Ташиев менен казино тууралуу сүйлөшкөнүн моюндады
Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин азыркы депутаты Шайырбек Ташиев менен казиного көп суммадагы акча каражатын уттуруп жибергени тууралуу сүйлөшүү болгонун "Азаттыкка" ырастады.
Ал социалдык тармактарга тараган видеону өзү да көргөнүн, бирок сүйлөшүү качан, кайсы жерде болгону эсинде жок экенин айткан
“Качан сүйлөшкөнүбүз эсимде жок. Бирок сүйлөшкөнбүз. Видеону көрдүм. Каякта болгон билбейм. Бирок бир жерде сүйлөшүү болгон. Мен эми жалган сүйлөмөк белем, болгонун-болгондой да”, - деди ал.
Буга чейин социалдык тармактарда Коргонбай уулу менен Шайырбек Ташиевдин казино тууралуу сүйлөшүп жаткандагы видеосу тараган. Анда алар кумар ойноп, 1 миллион 320 миң доллар карыз болушканы, ал ишке маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин аралашканы айтылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















