super.kg logo

Ошто Алай-1 жана Алай-2 конуштарынын тургундарынын көйгөйлөрү жеринде каралды

 

Бүгүн, 10-март күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жарандардын кайрылуусунун негизинде Алымбек-Датка муниципалдык аймагына караштуу Алай-1 жана Алай-2 конуштарына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушууда жашоочулар ички жолдордун начар абалы, таза суунун жетишсиздиги, көчөлөрдү жарыктандыруу жана башка социалдык маселелерди көтөрүшкөн.

Мэр көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жеринде карап чыгып, аймактагы инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле шаар башчысы тургундар менен тыгыз байланышта иш алып баруу маанилүү экенин белгилеп, жарандардын кайрылуулары дайыма көңүл борборунда болорун айтты”, - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: