Өлкөдө мектеп окуучулары үчүн футбол лигасы түзүлөт
Кыргыз футбол биримдиги өлкөдө балдар футболун өнүктүрүүгө багытталган ири долбоор - мектеп футбол лигасын ишке киргизгенин жарыялады.
Маалыматка ылайык, долбоор жаш таланттарды бириктирип, келечектеги профессионалдык спорттун негизин бекемдөөгө багытталган.
Турнирге 2017, 2018 жана 2019-жылы төрөлгөн эң жаш мектеп окуучулары катышат. Оюндар “микс” форматында (5+1) өткөрүлөт — командалар кыздар менен балдардын аралаш курамынан түзүлөт.
Команданын курамында кеминде 12, эң көп дегенде 15 оюнчу болушу керек. Мындай формат балдардын оюн чеберчилигин өнүктүрүп, командалык духту күчөтүүгө жана өз ара сый-урмат маданиятын калыптандырууга жардам берет.
Алгачкы турнир Бишкек шаарында өтөт. Мелдештер шаардагы төрт райондо уюштурулуп, ар бир райондон 20 командадан катышат. Командалар төрт топко бөлүнүп, топ жеңүүчүлөрү финалдык этапка жолдомо алышат.
Борбор калаадагы мектептер үчүн катышуу боюнча арыздар 20-мартка чейин кабыл алынат. Жалпы республикалык турнирдин датасы кийинчерээк жарыяланат.
Арыздарды technical@kfu.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















