Элвира Сурабалдиева президентке кайрылып, убагында УКМКнын кысымына кабылгандар көп экенин айтты
Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева УКМК тарабынан ишкерлерге негизсиз басым-кысымдар болгонун айтып, президент Садыр Жапаровдон муну териштирүүнү суранды.
Депутат айым убагында УКМКнын кысымына кабылгандар кайрылуудан коркуп жатышканын айтып, алардын көпчүлүгү мүлктөрүн тарттырып жиберген ишкерлер экенин белгиледи. Сурабалдиева алар арыз жазышса, президентке өзү жеткирерин убадалады. Эл өкүлү андан тышкары, УКМК тарабынан мамлекетке алынган мүлктөрдүн тизмеси жарыяланышы керектигин кошумчалады.
"УКМК расмий тизмени жарыялашы керек. Канчасы ишкерлерден алынды, канча өз ыктыяры менен болгон? Көпчүлүгүн ошол эле УКМКнын кызматкерлери өздөрүнүн туугандарынын аттарына каттап алышкан деген сөздөр болуп жатат",- деди ал.
Садыр Жапаров ИИМге, УКМКга, Башкы прокуратурага ишкерлерден түшкөн арыздарды дыкат кароо тапшырмасын бергенин, кезинде УКМКнын кызматкерлери тарабынан жасалган иштерди да териштирүү талабын койгонун билдирди.
"Ким эгер акчасын, үйүн, мүлкүн тартып алса, кайра кайтартып бергиле" дегем. Азыр мунун үстүндө иштер жүрүп жатат",- деди өлкө башчы.
Элвира Сурабалдиева президентке кайрылып, убагында УКМКнын кысымына кабылгандар көп экенин айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















