Депутат 1-апрелден тарта көтөрүлө турган айлыкка тарых мугалимдери кошулбай калганын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Рустамбек Советбек уулу 1-апрелден тарта мугалимдердин жогорулатылып жаткан айлык акысы боюнча маселе көтөрүп, бирок тарых сабагынын мугалимдериники көбөйбөй калып жатканын билдирди.
"Мугалимдерибиздин кубанып жаткан учуру. Бирок математика, биология, химия, информатика жана башталгыч класстардын окутуучуларыныкы гана көтөрүлөт экен. Андыктан тарых сабагынан берген мугалимдер кайрылып жатышат. Алар 9-11-кыласстарды мамлекеттик аттестацияга даярдашарын айтышууда",- деди ал.
Эл өкүлү бул боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берилишин суранды.
Эске салсак, өкмөт башчы 1-апрелден баштап мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акысы 50 пайызга көтөрүлөрүн айткан. Ал эми президент 100 пайызга жогорулатыларын кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:31
2026-03-11
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















