Ошто дарыканадан мыйзамсыз дары-дармектер аныкталды
Ош шаарында "Аптека Кейджи" ЖЧКсына таандык дарыканадан мыйзамсыз дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы 11-мартта билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын жалпы суммасы 269 миң 989 сомду түзөт.
Мындан тышкары, ал жерде салык мыйзамдарын бузган башка фактылар да аныкталды:
- Товарларды сатуу электрондук эсеп-фактуралар аркылуу түшкөн каражаттарды көрсөтпөстөн жүргүзүлгөн;
- Айрым кызматкерлер боюнча салыктык отчёттор тапшырылган эмес;
- Көзөмөл-кассалык машина техникалык жактан жараксыз абалда колдонулган.
Салык кызматынын кызматкерлери жеринде тиешелүү актыларды түзүштү. Анын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:39
2026-03-11
17:39
2026-03-11
16:56
2026-03-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















