Эрдоган Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотууга чакырды
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тараптарды Жакынкы Чыгыштагы согушту токтотууга чакырды. Анын айтымында, учурда ок атышууну токтотууга жана абалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга үмүт бар.
"Албетте, ок атышууну токтотуу боюнча үмүтүбүздү үзө элекпиз. Бул согуш күчөп, аймакты толугу менен жалын каптай электе токтотулушу керек", - деген Эрдоган.
Чет элдик басылмалар жазгандай, түрк лидери Анкара тараптардын дипломатиялык байланыштарын кайра жандандырууга болгон аракеттерин улантып жатканын белгилеген.
Иранга каршы АКШ-Израиль операциясы башталгандан бери Эрдоган АКШ, Катар, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенттери, Кувейттин эмири, Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы жана Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда тараптарды дипломатияга жана сүйлөшүү процессине кайтууга чакырып, өлкөсүнүн тынчтык аракеттерине ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди.
Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңириз масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
Израил менен АКШнын жасаган соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. Ал эми Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун акыркы маалыматы боюнча, Иранда АКШ менен Израилдин чабуулунан 1200дөн ашык адам каза болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















