super.kg logo

Павел Дуровдун байлыгы бир жыл ичинде 2,6 эсе азайды

 

Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровдун байлыгы 2026-жылы 6,6 миллиард долларга чейин төмөндөдү. Бул тууралуу Forbes журналы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бир жыл мурун анын байлыгы 17,1 миллиард доллар деп бааланган. Ошентип ишкердин капиталы болжол менен 2,6 эсе азайган.

Дуров 2016-жылы Forbes рейтингине 600 миллион доллар байлык менен кирген.
2018-жылы ал миллиардерлердин катарына кошулган.

Ал эми 2021-жылы анын байлыгы эң жогорку чекке жетип, 17,2 миллиард доллар болгон.

Эксперттер байлыктын төмөндөшүн рыноктогу абал менен түшүндүрүшүүдө. Мисал катары алар Snapchat платформасын келтиришет. Бул кызматтын ай сайынкы активдүү колдонуучуларынын саны Телеграмдыкындай - 1 миллиардга жакын. Бирок акыркы бир жылда Snapchat компаниясынын капитализациясы дээрлик эки эсеге азайган.

Ушундай эле тенденциялар Телеграмдын баасына жана Дуровдун байлыгына да таасир эткени айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: