Путин Азербайжандын президентине рахмат айтты
Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүүдө Азербайжандын президенти Илхам Алиевге орус жарандарын Ирандан эвакуациялоону уюштурууга жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматына таянуу менен орус басылмалары жазышты.
"Орусиянын президенти телефон аркылуу сүйлөшүүдө Азербайжандын президентине жарандарды Ирандан эвакуациялоону уюштурууга көрсөткөн эффективдүү жардамы үчүн ыраазычылык билдирди", - деп жазылган андагы маалыматта.
Мындан тышкары эки тарап учурдагы актуалдуу маселелерди жана стратегиялык өнөктөштүк тууралуу маселелерди талкуулашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:14
2026-03-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















