Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугушту (сүрөт)
Бүгүн, 12-мартта маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев кыргыз рэперлери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Бегиш, Бакр, Баястан, Freeman 996 өңдүү рэп багытында чыгармачылык менен алектенген жаш аткаруучулар катышкан. Анда заманбап музыкалык маданиятты өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо жана чыгармачыл чөйрөдө кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланган.
Ал эми жаш аткаруучулар өз сунуш-пикирлерин билдирип, рэп маданиятын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу ой бөлүшкөн. Министр таланттуу жаштарды ар тараптан колдоо боюнча иштер уланарын кошумчалай өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















