super.kg logo

Чүйдө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды

 
Чүй облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу 13-мартта облустун милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагында баңгизат табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2008-жылы туулган Р.А. аттуу жарандан психотроптук заттар аныкталып, алынган заттын жалпы салмагы 35 граммды түздү. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 4-СМС (хлорметкатинон, клэфедрон) камтып, психотроптук заттарга кирет.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө учурунда Нарын шаарынын А.Т. аттуу тургуну Telegram аркылуу "Принцесса-Дури" интернет дүкөнүнөн психотроптук затты 26 430 сомго сатып алгандыгы аныкталды.
Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин А.Т. өзүнүн тууганы Р.А.дан Арашан айылына барып келүүнү суранган. Ал көрсөтүлгөн жерге барганда укук коргоо органдары тарабынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: