Ошто өспүрүмдү сабап, видеого тартып алышкан делген жарандар кармалышты (видео)
Ош шаарында тоноочулукка шектелип 31, 23 жана 20 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта аталган калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 8-март күнү унаа жуучу жайлардын биринин жанынан 17 жаштагы өспүрүмдү
бычак менен коркутушуп, ур-токмокко алышып, андан соң унаага салып, шаардын башка аймагына алып барышкан жана анын 45 миң сомун, iPhone 15 үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан. Мындан тышкары, алар жабырлануучуну видеого тартып, эгерде арыз жазса, анда видеону социалдык тармактарга таратарын айтышып, өспүрүмдү көчөгө таштап кетишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгү (Тоноочулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр шаардан чыгып кетүүгө аракет кылып жатышканда колго түшүшкөн. Учурда кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.
Ошто өспүрүмдү сабап, тоноп, видеого тартып алышкан делген жарандар кармалышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















