Өкмөт 1-апрелге чейин оң рулдуу унаалардын тагдыры тууралуу акыркы чечимди жарыялайт
Өкмөт 1-апрелге чейин оң рулдуу унаалар боюнча кабыл алынган акыркы чечимди элге жарыялашы керек. Мындай сунушту токтомго киргизүүнү бүгүн, 23-январда парламентте депутат Сайдулла Нышанов айтты. Айта кетсек, бүгүнкү жыйында жол кырсыктары боюнча маселе каралып, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынганы турат.
“Өкмөт 2015-жылдын 1-январынан тарта оң рулдуу унаалардын тарифтерин көтөрүү же өлкөгө алып кирүүгө тыюу салуу жагы каралып жатканын айтып келген. 1-апрелге чейин бир чечимди элге жарыялап коюш керек. Анткени унаа ташыгандар ошого жараша аракет кылышсын”,- деди Нышанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















