super.kg logo

ЖМКлар Кубанычбек Капаловдун акыркы катын жарыялашты

 

Маркум Сот аткаруучулар кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Капаловдун акыркы катын айрым ЖМКлар жарыялашты.

Анда ал аялына ыраазычылыгын айтып, төрт баласынан кечирим сураган.

“Мени сага жолуктурганына Кудайга миң мертебе ыраазымын. Сен мени бактылуу кылдың, эки уул, эки кыз төрөп бердиң, ысык-суугума чыдадың. Ар дайым жанымда болдуң, жаным! Сен бекем аялсың, балдарга татыктуу тарбия берип келе жатасың, ошонуңдан жазба. Өзүңө бекем бол. Мени кечир!” - деп жазылган катта.

Ага улай катта балдарынын атын атап, алардан да кечирим сураган. Ошондой эле уулуна кайрылып, бир туугандары ага аманат экенин белгилеген. Мындан тышкары ал өзүнүн бир туугандарын ынтымактуу болууга чакырган.

Эскерте кетсек, Капалов тууралуу Бишкек ШИИББи маалымат берип, каргашалуу окуя кечээ, 13-мартта катталганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: