Кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу америкалык атаандашын жеңди (видео)
Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы кезектеги беттеши америкалык Крис Кёртисти жеңди. Беттештин үч раундунда Мыктыбек так жана ишенимдүү соккулары менен атаандашын артта калтырды. Жыйынтыгында калыстар жеңишти бир добуштан кыргызстандык спортчуга ыйгарды.
Бул Мыктыбек Оролбай уулунун катары менен үчүнчү жеңиши. Өткөн жылы кыргыз мушкери жеңил салмактан жарым орто салмакка көтөрүлгөн болчу, ал эми Кёртис орто салмактан төмөн түшүп, бул дивизиондогу экинчи беттешин өткөрдү.
Беттеш UFC Fight Night 269 турниринин алкагында АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү. Мушкерлер 77 килограмм салмак ченинде күч сынашты.
Кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу америкалык атаандашын жеңди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Кошбак
17.03.2026. 12:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
самый лучший боец
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















