super.kg logo

Түркияга, Ташкентке саякат... Бишкекте коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленди (видео)

 

Бишкектеги "Жаштык" борбордук аренасында биринчи жолу турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган ири масштабдагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чарага "Тазалык", "Бишкекжарык", "Бишкекшаарлифт", "Бишкек жашыл курулуш", "Бишкексууканал", "Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги" жана "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканаларынын 4800дөн ашуун кызматкери катышты.

Мэр Айбек Жунушалиев тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, "Тазалык", "Бишкек жашыл курулуш" жана "Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги" ишканаларынын кызматкерлеринин маянасы 50 пайызга көбөйтүлгөнүн билдирди. Мындан тышкары мурда жылына 2 жолу берилген сый акынын ордуна жылына 4 жолу сый акы берилери кошумчаланды.

Иш-чаранын алкагында муниципалдык ишканаларга жаңы атайын техникалар тапшырылды:

  • 22 даана техника — "Бишкекасфальтсервис" ишканасы;
  • 8 даана техника — "Бишкексууканал" ишканасы;
  • 8 даана техника — "Бишкекжарык" ишканасы.

Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы кызматкерлерге Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана кол сааттар тапшырылды. Мындан тышкары лоторея ойнотулуп, Түркияга жана Ташкентке саякаттоого сертификаттар берилди.

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен уланды.






Түркияга, Ташкентке саякат... Бишкекте коммуналдык кызматкерлеринин күнү белгиленди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: