Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулуп, 298и оңдолот
Бишкек шаары боюнча 6–10/0,4 кВ чыңалуусундагы 298 даана трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кошумча 38 даана жаңы трансформатор орнотулат. Бул тууралуу 16-мартта Энергетика министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин алкагында трансформаторлордун техникалык абалы текшерилип, эскирген тетиктери алмаштырылып, керектүү техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт.
Трансформаторлор төмөнкү РЭТтерде жаңыланат:
• Чыгыш РЭТ — 113 даана оңдолот, 25 даана жаңысы орнотулат;
• Батыш РЭТ — 100 даана оңдолот, 3 даана жаңысы орнотулат;
• Түндүк РЭТ — 85 даана оңдолот, 10 даана жаңысы орнотулат.
Белгилей кетсек, Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында шаар боюнча жалпы 2 миң 248 даана трансформатор бар. Жылдын аягына чейин алардын баары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















