super.kg logo

Универсиада: Тогуз коргоол боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

 

Бүгүн, 16-март күнү Кыргыз Республикасынын Универсиадасынын алкагында улуттук интеллектуалдык оюн – тогуз коргоол боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнир жогорку лигада эркектер жана кыздар арасында өткөн.

Кыздар арасындагы мелдештин жыйынтыгында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин командасы биринчи орунду ээлеген. Экинчи орунду И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери алса, үчүнчү орунга Ош мамлекеттик университетинин командасы татыды.

Эркектер арасындагы таймашта И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин командасы туруктуу жана ишенимдүү оюн көрсөтүп, биринчи орунду жеңип алды. Экинчи орун Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттерине буюрса, үчүнчү орунду К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин командасы ээледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Универсиадасы студент жаштарды бириктирген ири спорттук аянтча болуп, спортту өнүктүрүүгө, атаандаштыкты калыптандырууга жана өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: