super.kg logo

Өлкөдө мал ылаңдарына каршы жазгы эмдөө башталды 

 

Өлкө аймагында мал ылаңдарына каршы жазгы эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 3-6 айлык ургаачы торпокторго бруцеллёз ылаңына каршы эмдөө жүргүзүлүп, бодо малдан кан алып, бруцеллёз оорусуна текшерүү иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, үй жаныбарларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ит жана мышыктар кутурмага каршы эмделип, эхинококкоз ылаңына каршы дегельминтизациялоо иштери башталды.

"Жапырт эмдөө иш-чараларынын алкагында кой-эчкилер оспа жана бруцеллёз ооруларына каршы, бодо малдар шарп, күйдүргү жана кара сан ылаңдарына каршы эмделет. Жалпысынан вакцинация мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт",- деп билдирди министрлик.

Ветеринардык дары-дармектерди жана биокаражаттарды сатып алууга 2026-жылга республикалык бюджеттен 135 милллион сом каражат бөлүнгөн. Жазгы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн керектүү каражаттар менен камсыздоо 100 пайыз деңгээлде аткарылган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: