КРнын Өкмөтүнө өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртуу тапшырмасы берилди
Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында Кыргыз Республикасындагы жол кыймылынын коопсуздугунун абалы тууралуу КРнын Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышкан жыйында жол кырсыктарын азайтуу боюнча сунуштар каралды. Жол кырсыктарын болтурбоого багытталган социалдык роликтерди телеканалдардан байма-бай көрсөтүү керектигин депутат Жылдыз Жолдошова аткаруу бийлигине сунуштады.
Токтом долбооруна депутат Айнуру Алтыбаева жол коопсуздугунун камсыздалбашынан улам тиешелүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты.
Жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен өлкөдөгү жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртуу боюнча КРнын Өкмөтүнө тапшырма берүү каралган Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

