Баласына барган... Баткенде мурдагы жубайынын үйүнөн уурулук кылууга шектелген жаран кармалды
Раззаков шаарында 27 жаштагы жаран мурдагы жубайынын үйүнөн уурулук жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, ал январь айында мурда ажырашып кеткен жубайынын Сүлүктү шаарындагы үйүнө баласын көрүү үчүн барып, анын 130 миң рубль акча каражатын жана 160 миң сомдук алтын буюмун уурдап кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Раззаков шаарынан колго түшүп, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















