super.kg logo

Кыргызстандык Мухаммадали дүйнөлүк куран сынагында дагы 1-орунду багындырды (видео)

 

Сауд Арабиясында өткөн бүткүл дүйнөлүк куран окуу жана куран тафсири боюнча сынакта кыргызстандык Мухаммадали Умаров кайрадан 1-орунду алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-мартта өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ага жеңүүчү катары уюштуруучулар тарабынан 50 миң риалдын (1 миллион 165 миң сом) сертификаты тапшырылды.

"Дагы бир жолу дүйнөлүк жарышта биринчи орунду насип кылган Аллахка чексиз мактоолор болсун. Аллахтын жардамы, кыргыз элимдин дуасы менен жеттик. Ыйык Орозо айында кылган ибадаттарыбызды Жараткан кабыл кылсын",- деди ал өз билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, Умаров 2022-жылы да бул сынакта жеңүүчү болуп, андан соң, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон.






Кыргызстандык Мухаммадали дүйнөлүк куран сынагында дагы 1-орунду багындырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: