super.kg logo

"Бала ырысы" жөлөк пулун алуу шарттары айтылды

 

Өлкөдө "Бала ырысы" жөлөк пулу жарандардын социалдык абалына карабастан бардык наристелерге бирдей берилет.

Бул тууралуу Эмгек министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жомартова "Кабар" агенттигине маек бергенде билдирди.

Айтымында, 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул 1-июндан тарта 3 жашка чейинки балдарга чегерилет. Муну Кыргыз жарандары жана кайрылман статусун алган жарандар балдарына ала алышат.

Жөлөк пулду алуу үчүн керектүү документтер:

  • энесинин паспорту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • жеке идентификациялык номердин болушу шарт.

Жөлөк пулду алуу үчүн жарандар Эмгек министрлигинин райондук башкармалыктарына арыз менен кайрылуусу зарыл. Ошондой эле наристе апасынын жанында болушу шарт. Тагыраагы, миграцияда жүргөн ата-энелер балдарына бул жөлөк пулду ала алышпайт.

"Бийик тоолуу аймактарда жашагандарга төлөмдөр райондук коэффициентти эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Ошондой эле бала сөзсүз түрдө энеси менен жашашы керек деген шарт бар. Ата-энелер миграцияда болбошу зарыл",- деди ал.

Айта кетсек, 6-мартта президент “Бала ырысы” жөлөк пулун берүү жарлыгына кол койгон. Анда бул жөлөк пулду 450 миңге жакын наристе алары айтылган.









"Бала ырысы" жөлөк пулун алуунун шарттары айтылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: