super.kg logo

"Бала ырысы" жөлөк пулуна арыздар качан кабыл алынат? 

 

Эмгек министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жомартова "Бала ырысы" жөлөк пулуна арыздарды онлайн тапшыруу маселеси каралып жатканын билдирди.

Ал "Кабар" агенттигине билдиргендей, бул үчүн "Түндүк" тиркемеси аркылуу арыз берилет. Өтүнмөлөр 1-июндан тарта кабыл алынат.

"Бизде көп учурда наристелердин документтери санариптештирилбей калган. 1-июнга чейин аларды тариздөөгө убакыт бар",- деди Жомартова.

Жөлөк пул үчүн керектүү документтер:

  • энесинин паспорту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • жеке идентификациялык номердин болушу шарт

Эскерте кетсек, 6-мартта президент “Бала ырысы” жөлөк пулун берүү жарлыгына кол койгон. Көп өтпөй бул жөлөк пулду 450 миңге жакын наристе алары айтылган. Анын суммасы 1200 сом деп белгилеген. Аймактарда жашагандарга төлөмдөр райондук коэффициентти эсепке алуу менен жүргүзүлөт.







"Бала ырысы" жөлөк пулуна арыздар качан кабыл алынат? 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: