super.kg logo

Али Токтакунов журналисттер Эрулан Кокуловдон коркпой турушканын айтты

 

Журналист Али Токтакунов Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловдун журналисттерге айткан сынына жооп берди.

Ал журналисттер эл өкүлүнөн коркпостугун, анын үстүнө анын билдирүүлөрү суу кечпей турганын белгиледи.

"Айтканы ааламды аңтар-теңтер кылып ийгидей Кокулов деген чоң саясий фигура деле эмес. Жогорку трибунадан "журналисттер, силер мафия болуп уюшуп алып, мени куугунтуктап жатасыңар" деп 10 мүнөттөн ашык сүйлөдү. Эрулан, ачык айтанда, журналисттердин бирөө да сенден коркпойт. Сенден корксо, ашкананын администратору коркушу мүмкүн. Сен "журналист катары айтып жатам" деп жатасың, бирок буга чейин журналисттер камалып жатканда келдиң беле.

Борбордук трибунадан сөз эркиндигине басым болуп жатканын айтып, өзүңдүн маселеңди көтөргөндөй күйдүң беле? Демек, бизди сындоого моралдык укугуң жок", - деди Токтакунов.

Ал ошондой эле жаштарды жаман көрсөтүп жатканын кошумчалап, депутатты андай аракеттерин токтотууга чакырды.

Айта кетсек, бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов трибунадан 10 мүнөт убакыт алып, журналисттерди сынга алды. Эл өкүлүнүн айткандарынан кийин кесиптештери Акылбек Түмөнбаев менен Эльвира Сурабалдиева аны парламент трибунасынан жеке маселелерди көтөрбөөгө чакырышып, Кокуловду сынга алышты.

Кокулов кесиптештерин анын сөзүн бурмалабоого үндөп, "ар бириңердин ушул жерге кантип келгениңерди билем" деди. Бул учурда парламент төрагасы ал сүйлөп бүтө электе микрофонун өчүртүп салды.






Али Токтакунов журналисттер Эрулан Кокуловдон коркпой турушканын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: