Бишкек: 600 гараждын ордуна жаңы мектеп курулат
Бишкектеги Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги жерге жаңы 2 кабаттуу мектеп курулат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, мектеп заманбап үлгүдө салынат. Башкы план боюнча имарат 5 блоктон турат жана аянты 3680 чарчы метрди түзөт.
Мектепте заманбап окуу класстары, эмгек кабинеттери, компьютердик класс, жыйындар залы, ашкана жана бардык шарттары менен спорт зал каралган. Мындан тышкары жайкы футбол жана волейбол аянтчалары да түзүлөт.
Учурда жер казуу иштери аяктап, топурак тапталып жатат. Мектептин курулушу аяктагандан кийин аймактагы балдар үчүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















