Кыргызстан дүйнөдө аял депутаттардын саны боюнча биринчи орунга чыкты (видео)
Кыргызстан дүйнөдө аял депутаттардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.
"Бириккен Улуттар Уюмунда Кыргызстандын парламентиндеги айымдардын саны боюнча пикир болгон. Анын алкагында биз дүйнөдө биринчи орунда турабыз. Ошондой эле, кечээ Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын саны 31ге жетип, бул биздин жетишкендикти дагы да бекемдеди.
Белгилей кетүүчү нерсе, аялдардын 30 пайыздык өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин президиумунда да, комитеттерде да, эл аралык достук топторунда да сакталууда. Бул биздин өлкөдө аялдарды урматтап, баалашарын көрсөтөт",- деди Маматалиев.
Кыргызстан аял депутаттардын саны боюнча биринчи орунга чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















