Ноорузга карата Бишкектин борбордук бөлүгүндө жолдор убактылуу жабылат
Нооруз майрамына байланыштуу Бишкек шаарында жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кайгуул кызматы кабарлады.Маалымдалгандай, майрамдык концертке байланыштуу Панфилов көчөсүнөн Чүй кең көчөсү аркылуу Эркиндик көчөсүнө чейин, Эркиндик көчөсү менен Фрунзе көчөсүнө чейин жана Фрунзе көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүк жабылат.
Кайгуул кызматы бул чектөөлөр жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында киргизилгенин белигеп, концерт аяктагандан кийин жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилерин кошумчалады.
Ноорузга карата Бишкектин борбордук бөлүгүндө жолдор убактылуу жабылат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















