"Манас" аэропортунда Ноорузда жүргүнчүлөргө дасторкон жайылды
Кечээ, 21-мартта Нооруз майрамына карата "Манас" аэропортунда жүргүнчүлөргө майрамдык дасторкон жайылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирди.
Маалымдалгандай, ал күнү ар бир жүргүнчүгө майрамдык көңүл тартуулоого аракет болгон.
"Нооруз – жаңылануунун, жакшылыктын жана биримдиктин майрамы. Биз бул кубанычтуу күндү сиздер менен бөлүшүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Ар бир үйдө тынчтык, береке жана кубаныч байырласын! Нооруз майрамыңыздар кут болсун!" - деп айтылат билдирүүдө.
Манас аэропортунда Ноорузда жүргүнчүлөргө дасторкон жайылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















