super.kg logo

Түркия Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө даярдык иштери боюнча үн катты

 

Түркия тарап Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын уюштуруу боюнча даярдык иштерин жүргүзгөн жок. Бул тууралуу РИА Новости басылмасына Түркия президентинин администрациясы билдирген.

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Анкара Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр үчүн дагы бир жолу аянтча берүүгө даяр экенин билдирген. Анда Орусия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөшүүлөр 11-мартка пландалып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу анын мөөнөтү жылдырылган эле.

"Азыркы учурда Стамбулда Украина боюнча мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдү уюштуруу боюнча эч кандай даярдык иштери жүргүзүлгөн жок",- дешкен администрациядан.

Эске салсак, Орусия менен Украина буга чейин Стамбулда үч ирет сүйлөшүү өткөрүшкөн. Акыркысы Женевада 17-18-февралда өткөн болчу. Анын жыйынтыгында туткундарды алмашуу болгон. Мындан тышкары, Орусия курман болгон украин аскер кызматкерлеринин сөөгүн Киевге өткөрүп берген. Тараптар ошондой эле чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча меморандум долбоорлорун алмашкан.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: