Ош. Айтмамат Кадырбаев шаардын жашоочулары менен жолугушуусун улантат
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 24-январда шаардын тургундары менен жолугушат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Гүлзина Аманова билдирди.
Маалыматка ылайык, А.Кадырбаев бүгүн Оштогу газ чарбачылыгы башкармалыгынын иши менен таанышат. "Мэр Керме-Тоо жана Жапалак аймактык башкармалыктарында болгон учурда жергиликтүү тургундар кыш мезгилине карата газ берүү абалына нааразычылыктарын айтышкан”,- деп билдирди басма сөз катчысы Гүлзина Аманова мэрдин сапары тууралуу.
Ошондой эле калаа башчы Манас-Ата жана Туран кичи райондорунун жашоочулары менен жолугушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















