Сокулукта 53 жаштагы Анарбек Исаков дайынсыз жоголду
Сокулук райондук милициясы тарабынан Жумгал районунун тургуну 53 жаштагы Анарбек Исаков дайынсыз болуп, изделип жатат.Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын 21-декабрь күнү ал Сокулук районунун Белек айылындагы Дача Глория көчөсүнүн №14 дарегинде жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 160–165 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кыска, ак аралаш, көздөрү күрөң, өзгөчө белгилери жок.
Кийген кийимдери: кара түстөгү шапка, кара куртка, кара спорттук шым, күрөң түстөгү ботинка.
Эгерде Анарбек Исаковдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кабарлап койсо болот: 03134 5-33-80,0558 86-14-86, 0551 41-44-10
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















