Токтогулда заманбап мал союучу жай ачылды (сүрөт)
Токтогул районунда заманбап мал союучу жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 27-мартта Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жаңы объект күнүнө 10 баш мал союуга ылайыкташтырылган. Мындан тышкары, мал союучу жайдын аймагында 100 баш бодо малды бордоп-семиртип багууга бардык шарттар каралган.
Жалпы аянты 15 сотых. Аталган жай райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулду. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 4,5 миллион сом жумшалды.
Аталган долбоор жеке ишкер Тилек Коңурбаевдин демилгеси менен ишке ашырылып, аймактагы эт өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калкты сапаттуу эт азыктары менен камсыздоого өбөлгө түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















