super.kg logo

Манас шаарынын Жол башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

 
Манас шаарынын Жол башкармалыгынын жетекчиси болуп Каныбек Исаков дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Абдупата Маткаликов кол койду.
Каныбек Исаков 1977-жылдын 30-июлунда Манас шаарында туулган.
Билими:
Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетинин автомобиль жолдору жана аэродромдор адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1996-2002-жылдары ИИМ аскердик кызматы;
  • 2025-2026-жылдары ички иштер органынын кызматкери;
  • 2015-2017-жылдары “Алока Дистрибьюн” ЖЧКсынын башкы механиги;
  • 2018-2021-жылдары Турак жай-коммуналдык чарбасынын башкы инженери;
  • 2021-жылы- “Назар Строй” ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  • 2021-2023-жылдары Манас шаарынын мэриясынын Жол башкармалыгынын Курулуш бөлүмүнүн башчысы;
  • 2023-жылдан бери Манас шаарынын мэриясынын Жол башкармалыгынын башкы инженери;
  • 2026-жылдын 26-мартынан тарта Манас шаарынын Жол башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Мэрия билдиргендей, буга чейин аталган жетекчилик кызматты Заттарбек Боронбаев аркалап келген. Ал өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: