Кыргызстанда ичкиликке болгон акциздик салык кымбаттады
Кыргызстанда спирт ичимдиктеринин айрым түрлөрүнө болгон акциздик салык кымбаттады. Бул токтомго 23-январда КРнын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
Автор: Дамира Арстанова
Ичкиликтин акциздик салыгы Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү үчүн шайкеш келтирүү, өспүрүмдөрдүн арак сатып алуусуна бөгөт коюу жана бюджеттин кирешесин көбөйтүү максатында жогорулоодо. Ага ылайык, күчтүү спирт ичимдиктери түрүнө жараша 40-60 сомго, ал эми жеңил алкоголдук ичимдиктердин 1 литри 30-60 сомго жогорулады.
Белгилей кетсек, аталган токтом расмий жарыялангандан тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

