ӨКМ 12 өрт-куткаруу бөлүктөрүн ишке берүүнү пландоодо
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республика боюнча 12 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имараттарын кайра жаңыдан куруп, ишке берүүнү пландоодо.
Буга чейин өрт өчүрүүчүлөр Совет доорунан калган эски, шарты жок имараттарда иш алып барууга аргасыз болуп келишкен.
Өлкө боюнча республикалык бюджеттин эсебинен жаңы салынып жаткан бир типтүү 12 өрт-куткаруу бөлүгүнүн имараттары бир жана эки кабаттан турат.
Алардын бардыгы быйылкы жылдын 1-июлунда - Куткаруучулар күнүндө салтанаттуу ачылып, расмий тапшырылат. Муну менен жалпы 92 бөлүк кызмат көрсөтүп келсе, мындан тышкары, дагы 5 жаңы өрт-куткаруу бөлүгүнүн курулушу пландалууда.
ӨКМ 12 өрт-куткаруу бөлүктөрүн ишке берүүнү пландоодо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















