super.kg logo

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар акталышты

 

Бүгүн, 27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды актады. Бул тууралуу активисттердин бири билдирди.

Алар жалпы 22 киши:

Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Азимбек Бекназаров, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Эрлан Бекчоро уулу, Атай Бейшенбек уулу, Чыңгыз Капаров, Мамбетжунус Абылов, Айданбек Акматов, Нурлан Асанбеков, Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Гүлнара Журабаева, Улукбек Маматаев, Темир Махмудов, Таалайбек Мадеминов, Перизат Суранова, Асия Сасыкбаева, Илгиз Шаменов, Али Шабдан.

Айыпталгандардын көпчүлүгү үй камагында болгон.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген жалпы 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алардын айрымдарынын иши өзүнчө бөлүнүп алынган. Айыпталуучулардын баары коюлган айыпты мойнуна алган эмес.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: