Бишкекте бирөөнүн унаасынын салонун өрттөп салган жаран кармалды
Бишкекте 35 жаштагы жаран башка бирөөнүн мүлкүн жок кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, ал кечээ, 29-март күнү саат 4:40 чамасында Сухэ-Батор көчөсүндө Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын салонун өрттөп жиберген. Унаанын ээси милицияга кайрылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада, шектүү изи сууй электе колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















