super.kg logo
  Саясат  

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө» мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

 

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө» мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттик сырлардын сакталышынын натыйжалуулугун арттырууга багытталган. Тактап айтканда, мамлекеттик сырларга жол берүү тартибин тактаган толуктоо киргизилет. Ошентип, жарандарга мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтардын жашырындуулугунун үч даражасына ылайык мамлекеттик сырлар менен иштөөгө жол берилүүчү төмөнкү үч формасы белгиленет: өзгөчө маанилүү, өтө жашыруун же жашыруун маалыматтар.

Ошондой эле мамлекеттик сырлар менен туруктуу негизде иштөөгө жол берилген жарандар үчүн төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленет:

- иштөөгө уруксат берилген маалыматтардын жашыруундуулук даражасына ылайык кызмат маянасына КРнын Өкмөтү тарабынан белгиленген пайыздык кошумча акы;

- мамлекеттик бийлик органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар уюштуруучулук жана штаттык иш-чараларды өткөргөндө режимдик-жашыруун бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн жумуш орундарында калууга артыкчылыктуу укук.

Андан сырткары мыйзам менен көрсөтүлгөн категориядагы кызматкерлерди дайындоо жана кызматынан бошотуу КРнын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөрү мыйзам менен белгиленди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: