Араванда жер семирткичтерди арзан саткан дүкөн ачылды
Айыл чарба министрлиги Араван районунда жер семирткичтерди арзан саткан дүкөн ачылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, “Элдик” агрардык дүкөнүндө аймактагы дыйкандар үчүн арзан баадагы сапаттуу үрөн, жер семирткичтердин түрлөрү сунушталат.
Бүгүнкү күндө бул жерде органикалык жер семирткичтерден сырткары, жүгөрүнүн, пахтанын, беденин уруктары сатылууда.
Аталган дүкөн Айыл чарба министрлиги менен жеке ишкердин ортосунда ишке ашырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















